Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Орусия "дан келишимин" кайра жандантарын билдирди


Украинадан дан ташып бараткан кемелер.
Украинадан дан ташып бараткан кемелер.

Орусия Украинадан дан экспортоо боюнча келишимге кайта турган болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги 2-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, Кремль Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен Украинадан дан коридору аскердик аракеттерге колдонулбайт деген кат түрүндө кепилдик алган.

"Орусия Федерациясы кепилдиктер жетиштүү деп эсептейт жана келишимди ишке ашырууну жандантат", - деп жазылган билдирүүдө.

Ошол эле маалда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дан экспорттоо 2-ноябрда түшкө жуук жанданганын ырастады.

29-октябрда Орусия "Севастополдогу кемелерге жасалган чабуулга байланыштуу" келишимден чыгып кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Севастополь аймагында аскердик жана жарандык кемелери учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын айтып, муну "Украина Улуу Британиянын адистери менен биргелешип ишке ашырган террордук акт" деп атаган.

Британия Москванын дооматын "катастрофалык кырдаалдан алагды кылуу максатындагы калп" деп мүнөздөгөн. Украина Орусиянын чечимин “опузалоо” деп баалап, теракт тууралуу ойдон чыгарылган билдирүү таратылып жатканын жарыялаган.

Украина дүйнөдөгү ири дан экспорттоочу мамлекеттердин бири. Орусия быйыл февралда кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган.

Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген.

XS
SM
MD
LG