Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

"Коркут Ата" кинофестивалы "Курманжан датка" тасмасы менен ачылды


"Курманжан датка" тасмасынан алынган сүрөт.
"Курманжан датка" тасмасынан алынган сүрөт.

Эл аралык кинофестиваль Түркиянын Бурса шаарында 1-ноябрда ишин баштады. Фестивалдын ачылышында "Курманжан датка" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын режиссеру, учурда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Коркут Ата" кинофестивалынын сайтындагы маалыматтарга караганда, сынакка бир нече кыргызстандык режиссерлордун тасмалары кирген. Алардын ичинде режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат", Асел Жураеванын "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмасы бар.

Ал эми режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Эдемге карай жол" фильми, Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" мюзикли кинофестивалдын өзгөчө программаларында көрсөтүлөт.

"Коркут Ата" кинофестивалынын былтыркы лауреаты - режиссер Артыкбай Сүйүндүков быйыл калыстар курамында. Анын "Шамбала" тасмасы 2021-жылы мыкты режиссерлук иш үчүн сыйлыкка татыган.

"Курманжан датка" – Кыргызстанда мамлекеттин буюртмасы менен 70 миллион сомго тартылган тасма. Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан бул фильм көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган жана бир нече чет тилдерге которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG