Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Москва менен Кишинев бирден дипломаттарын өлкөдөн чыгарат


Молдованын Наславче айылы кызыл чекит менен көрсөтүлүп турат. Молдова менен Украинанын картасы.
Молдованын Наславче айылы кызыл чекит менен көрсөтүлүп турат. Молдова менен Украинанын картасы.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн аймагына Орусиянын ракетасы түшкөн окуядан кийин орус элчилигинин бир кызматкери чыгарыларын билдирди.

Мунун алдында, 31-октябрда Ички иштер министрлиги Украинанын абадан коргонуу системаларын атып түшүргөн орусиялык ракета Молдованын түндүгүндө чек арага жакын Наславче айылына кулаганын билдирген. Анда бир нече үйлөрдүн терезелери талкаланганы, жабыркагандар жоктугу кабарланган.

Бул окуядан кийин Молдованын бийлиги түндүк жактагы чек ара бекеттерин "коопсуздук чараларына" байланыштуу убактылуу жапкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кишеневго жооп катары Молдованын бир дипломаты чыгарыларын билдирди.

Октябрдын ортосунда Орусиянын Украинага багытталган канаттуу үч ракетасы аба мейкиндигин бузуп өткөнүн Молдованын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Москвадан түшүндүрмө талап кылган. Анда жабыр тарткандар тууралуу айтылган эмес.

Украинанын Киев, Харьков, Запорожье, Кривой Рог, Марганец шаарлары соңку суткада кайрадан жапырт аткылоого кабылды. 30-октябрда жана 31-октябрдын таңында бүткүл республиканын аймагында аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланган.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланды.

XS
SM
MD
LG