Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Беларуста нааразылыкка катышкан үч оппозиционер абакка кесилди


2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандар. Минск, Беларус. 23-август, 2020-жыл.
2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандар. Минск, Беларус. 23-август, 2020-жыл.

Минск шаарынын Фрунзе районунун соту оппозицонерлер Артур Смаляков менен Диана Чернушинаны эки жылга, Андрус Асмалоскомду үч жылга кести. Алар эки жыл мурда президенттик шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоого жана авторитардык башкаруучу Александр Лукашенконун алтынчы мөөнөткө шайланышына каршы митингдерге катышканы үчүн кармалган эле.

Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко 2020-жылы августта болгон президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон тарта Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан каршылык акциялары өткөн.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да болгон.

АКШ, Европа Биримдиги жана башка бир катар өлкөлөр Лукашенконун жеңишин таануудан баш тартып, ага жана анын режимине каршы санкцияларды кабыл алган. Санкциялар шайлоону бурмаланышына жана полициянын калкты куугунтукка байланыштуу кирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG