Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Төрт миллиондой украиналык жарыксыз калды


Киев шаары.
Киев шаары.

Орусия армиясынын аткылоосунан улам төрт миллионго чукул украиналык жарыксыз калды.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-октябрда кечки салттуу кайрылуусунда кабарлады. Анын айтымында жарык Киев баштаган Украинанын тогуз облусунда өчүрүлдү. Башка облустарда да жарыкты авариялык өчүрүү болуп жатканын айтты.

Киевдин шаар башчысы Виталий Кличко баш калаага 20-50% электр кубаты жетпей жаткандыктан, шаардын бардык райондорунда жарык убактылуу өчүп жатканын билдирди. Кличко киевдиктерди жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

"Кошумча өзгөчө кырдаал болбосо эки-үч аптада жарык берүү кайра калыбына келтирилип, энергияга карата дефицит жоюлат", - деди Кличко.

10-октябрдан бери Орусия Украинанын маанилүү инфратүзүм жайларын аткылоону улантууда. Натыйжада өлкөдөгү электростанцияларынын 30% ашыгы талкаланды.

20-октябрдан тарта Украинада жарык берүү үзгүлтүккө учурап, 27-октябрда Киевдин тургундарына күнүнө кеминде төрт сааттан жарык өчөрү тууралуу эскертүү берилген.

XS
SM
MD
LG