Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутовго кайрылуу жолдошту.
Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:
"Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат", - деп жазылган.
Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.
"Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: "Республика", "24.kg" жана "Азаттык Медиа". Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg".
Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жеке, президенттин басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранышты.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:
-“Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
-Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
-Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, "Журналисттер" коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
-Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
Сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти айыптаган билдирүү таратты.
“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.
“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.(ZKo)