Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Мамбетжунус Абылов 48 саатка камалды


Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов бүгүн, 27-октябрда милицияга сурак бергенден кийин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Мурдараак Абыловду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени кабарланган.

ИИМдин басма сөз кызматы Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголгонун тактады.

Мамбетжунус Абыловго 26-октябрда кылмыш иши козголуп, үй-жайы тинтүүгө алынган, милиция анын үйүнөн эки диск алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" маалымдаган. Маалыматка караганда, тинтүү учурунда ал үйүндө болгон эмес.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик баары эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирди. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы" болушкан.

ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.(КЕ)

XS
SM
MD
LG