Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Бекешев соңку окуялар Кыргызстандын аброюна таасирин тийгизерин билдирди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Кыргызстанда болуп жаткан соңку окуялар өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизе турганын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 26-октябрда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. Эл өкүлү бул демократияга, бизнеске, өлкө экономикасына таасирин тийгизе турганын айтты.

"Украинадагы согуш учурунда Кыргызстанга көп көңүл бурулбай жатат. Согуш бүткөндө мамиле бир аз башкача болуп баштайт. Кээ бирөөлөр демократияга эле тийиштүү деп жатышат. Бизнеске, экономикага дагы тийиштүү болот. Көптөрү көп көлөмдөгү инвестиция алып келбейт. Анткени соттун чечимдерин көрүп жатышпайбы. Соттор өздөрү чечим чыгарбай, өйдө карап чечет экен дешет", - дейт Бекешев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 23-октябрда кармалган 20дан ашуун саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө саламаттыгына байланышуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Садыр Жапаров 24-октябрда улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Мунун алдында Кыргызстандагы медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан Венеция комиссиясына кайрылып, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу корутунду алууну суранышкан. Он уюмдун жана кыркка жакын журналисттин атынан жолдонгон кайрылууда жаңы мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жарата турганы белгиленген.

28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Коомдук талкууга коюлган бул документти президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG