Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Казакстанда Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон киши кармалды


Орол шаары, Казакстан. 21-октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Орол шаары, Казакстан. 21-октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Караганды облусунун тургуну «улут аралык кастыкты козутуу» ишинин алкагында кармалды. Ал социалдык тармактарда тараган видеодо казакстандыктарды жана өлкө жетекчилерин сөгүп, акаарат сөздөрдү айткан. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук полиция департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы кишинин үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. “Кечки Караганды” гезити Tik Tok платформасында жарык көргөн видеодо шаар тургуну Орусиянын Украинага каршы согушун, Путиндин аракеттерин колдогонун жазды. Ушу тапта ал видео жана сүрөттөр баракчадан алынды.

Казакстанда Орусиянын агрессиясын же сепаратизмди колдогону үчүн жергиликтүү жашоочулар айыпталган учурлар буга чейин да болуп келген.

Августта ушул эле Караганды облусундагы Сарани шаарынын тургуну танк түрүндөгү эстеликке Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусунун символуна айланган Z тамгасын тарткандыгы үчүн жети күнгө камалган.

Октябрда жергиликтүү тургунду Казакстан Орусияга «бир катар жерлерин берүүгө тийиш» деген комментарий жазганы үчүн сот жообуна тартуу каралганы кабарланган. Көп узабай ал кишинин издөөгө алынганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары үстүбүздөгү айда атайын кызмат Петропавловскини “орус жери деп эсептерин”жазган, Путинди өз президенти деп атаган эки кыз менен тиешелүү “сүйлөшүү" өткөргөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазган.

XS
SM
MD
LG