Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Акыйкатчы институту жапырт камоолор боюнча прокуратурага кайрылат


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абрахматова "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. Ал сотторду дайыма эле шектүүлөрдү камакка алуу бөгөт чарасын тандоо тажрыйбасынан арылууга чакырды.

"Дүйнө жүзү гуманизацияга барып жатат. Биз дагы анын принциптерин колдонушубуз керек. Жапырт камакка алган болбойт. Биз Башкы прокуратурага кайрылабыз. Анткени милициянын ишинин мыйзамдуулугуна прокуратура баа бериш керек. Ачык тараган видеолорго караганда, адвокаттарга ишенимдүү адамдары менен жолугууга тоскоолдук жаратылды. Убагында процессуалдык документтерди ала алышкан жок. Кандай күнөө коюлуп жатканы алдын ала тааныштырылган жок. Сот отурумунда берилгендиктен адвокат дагы, шектүү дагы өз укуктарын коргоодо жүйөлөрүн келтирүүдө чектелип калды. Ошондуктан Башкы прокуратурага мындай мыйзам бузуулар болбошу үчүн көңүл буруу актыбызды киргизебиз", - деди Абдрахматова.

Акыйкатчы мындан сырткары жалпы мониторинг боюнча маалымат Жогорку Кеңештин депутаттарына берилерин айтты.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршылык билдирип келаткан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Садыр Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КE)

XS
SM
MD
LG