Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева 20-декабрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24-октябрда каралды.
Сасыкбаева "массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданган" деп шек саналууда.
Ушундай эле айып коюлган саясатчы Равшан Жээнбеков, журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, саясатчы Азимбек Бекназаров, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов да эки айга камалды. Башкалардын бөгөт чарасын кароо уланып жатат.
Сот чечими чыккандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон тергөө абагында камакта болору кабарланды.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция кармап кеткен. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Кармалгандар "башаламандык уюштурууга камынганы" тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)