Бишкекте жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы 24-октябрда кечке жуук сотто карала баштады.
Биринчи май райондук сотуна "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаеваны, саясатчы Азимбек Бекназаровду, активисттер Рита Карасартованы, Али Шабданды, Чыңгыз Капаров, журналист Айданбек Акмат уулун алып келишти. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлагандай, кармалгандардын баарынын баш коргоо чарасы ушул сотто карала турганы айтылууда.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" пикирин билдирип келатышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)