Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Айтбаев өзүн милиция кармап кеткенин билдирди


Саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондордун жөө жүрүшү. 24-октябрь, 2022-жыл. Бишкек шаары.
Саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондордун жөө жүрүшү. 24-октябрь, 2022-жыл. Бишкек шаары.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев өзүн милиция кармап кеткенин билдирди. Ал "Азаттыкка" милиция аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) алып барганын, азыр ошол жакта отурганын кабарлады.

"Мени бүгүн, 24-октябрда кармап, "Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барасың" дешти. Себебин түшүндүрүшкөн жок. "Кемпир-Абад боюнча кармадыңарбы?" деп сурасам, "ооба" дешти. Түндө үйгө да келишкен экен, бирок эч ким жок болчу", - деди Айтбаев.

Шаардык милиция анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

23-октябрда Бишкекте 20дан ашык оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Акыйкатчынын 23-октябрдын кечине карата берген маалыматына ылайык учурда төмөнкү активисттер жана саясатчылар кармалып, 48 саатка камалышты:

Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Шабдан Али, Равшан Жээнбеков, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбеков, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акмат уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев Бишкектин жана Чүйдүн райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу камоочу жайына киргизилген. Ал эми саясатчы Канат Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катышы бар экени боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG