Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Казакстанда президенттикке эки айым талапкер болду


Салтанат Турсынбекова БШКда талапкерлик күбөлүгүн көрсөтүп турат.
Салтанат Турсынбекова БШКда талапкерлик күбөлүгүн көрсөтүп турат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Казак энелери - салтка жол" коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекованы президенттикке талапкер кылып каттады. Бул маалыматты 20-октябрда БШКнын мүчөсү Асылбек Смагулов бышыктады.

Турсынбекова 20-ноябрга белгиленген президенттик шайлоодо экинчи аял талапкер болуп калды. Бир күн мурун БШК Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абденди каттаган.

Буга чейин “Ауыл” партиясынан Жигули Дайрабаев, “Аманат” кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен жана азыркы президент Касым-Жомарт Токаев талапкерлик күбөлүгүн алышкан. Токаевди парламенттеги үч партиядан жана бир канча уюмдан турган “Элдик коалиция” көрсөткөн. Талапкерлерди каттоо 21-октябрда аяктайт.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG