Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Жогорку Рада Ичкерияны убактылуу оккупацияланган аймак деп тааныды


Украинанын Жогорку Радасы Ичкерия Чечен Республикасын Орусия убактылуу оккупациялаган аймак катары таануу тууралуу резолюция кабыл алды.

Документте Орусия чечен калкына геноцид жасаганы белгиленген. Токтомго 351 депутаттын 287си "макул" деп добуш берди, 64ү калыс калды.

Резолюциянын түшүндүрмө катында Чеченстан 1991-жылы СССРдин курамынан чыгып, Ичкерия деген ат менен көз карандысыздыгын жарыялаганы айтылат. Документте Орусия элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын өзү аныктоо тууралуу БУУнун жобосундагы принципке тоскоол болгондугу жазылган.

Анда орус аскерлерине "Ичкерияга эки жолу аскердик чабуул жасаган, Чеченстанда эл аралык конвенциялар тыюу салган курал колдонгон жана чечен элинин миңдеген өкүлдөрүн өлтүргөн" деген айып жазылган.

Ичкерия өкмөтүнүн мурдагы министри, сүргүндөгү өкмөттүн премьер-министри Ахмед Закаев "Кавказ.Реалии" басылмасына берген комментарийинде Украинанын Жогорку Радасынын добушун чечендер жана башка "Кремль эзген элдер үчүн тарыхый" деп атады.

"Idel.Реалиинин" кабарчысы маалымдагандай, Украинада Орусия Федерациясынын курамындагы Дагестан, Татарстан, Башкырстан жана башка республикаларда эгемендикке жетишүү референдумдарын өткөрө турган электрондук платформа иштелип жатат.

XS
SM
MD
LG