Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Парламентте kg.taxi кызматын уюштуруу сунушу айтылды


Жогорку Кеңеште Бишкектеги коомдук транспорт, жолдогу тыгын, такси маселеси, баанын жогору болуп жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Марлен Маматалиев жүргүнчүлөр бара турган жерине жете албай жатканын белгилеп, "Яндекс такси" кызматынын баасы кымбат болуп жатканын айтты.

"Борбор калаабызда транспорттук кризис келатат. Жөнөкөй эл жумуштан үйгө, үйдөн жумушка жете албай, окуучулар кыйналууда. "Яндекс такси" башында 80 сом менен баштап, азыр 400, айрым жерде 500 сомго чейин жетип жатат. Монополия мыйзамынын 4-беренесине ылайык толук текшерүүнү башташ керек. Эмнеге бааны көтөрүп жатышат? Бензин кымбаттаган жок, тескерисинче баа түшөт. Транспорт министрлиги kg.taxi кызматын уюштуруп койсо болот эле го. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Болгону карта кетет, бирок акчанын баары бизде калат эле, "Яндекс таксинин" баары Орусияга кетип атат", - деди Маматалиев.

Бишкектеги жол тыгын, коомдук транспорт маселесин Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында Балбак Түлөбаев, Шайлообек Атазов дагы көтөрдү. Түлөбаев жаңы автобустарды алып келүүдөн мурда шаардын инфратүзүмүн оңдоо, даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

Өткөн жылы жергиликтүү такси айдоочулар акцияга чыгып, “Яндекс” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемеге бөгөт коюуну талап кылышкан. Алар компания көптөгөн айдоочуларды өз катарына тартып алганы менен комиссияны көбөйткөнүн, жергиликтүү кызматтар атаандаштыкка туруштук бере албай калганын айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG