Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Талаштуу мыйзам: Кыргызстан Орусиянын жолоюна түшөбү?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алуу чакырыктары кайрадан жаңыра баштады. Орусияда чет өлкөлүк агент деген жарлык тагуу кандай кесепеттерге алып келди? Биздин суроолорубузга “СОВА” маалымат-аналитикалык борборунун жетекчиси Александр Верховский жооп берди.

Депутат Надира Нарматова февралда бул талаштуу мыйзамды кабыл алуу демилгесин экинчи ирет көтөргөн. Ал 2014-жылы ошол кездеги депутататтар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев менен бирге тиешелүү долбоорду сунуштап чыгышкан. Ага чейин Орусия ушундай мыйзамды кабыл алган.

Коммерциялык эмес уюмдарды “чет өлкөлүк агент” деп атаган мыйзам Орусияда 2012-жылдан бери иштеп келатат. Юстиция министрлигинин тиешелүү реестрине бул аралыкта 200 уюм киргизилип, ушу тапта 75и эле калган. Алардын арасында адам укуктары, жарандык агартуу, ВИЧ менен ооругандарга жардам берүү, колунда жокторго көмөктөшүү жаатында иш алып баргандар бар. Тизмеге киргизилгенден кийин айрымдар өздөрү жоюлган, башкалары соттун чечими менен ишин токтоткон. Мындан тышкары “чет өлкөлүк агент” деп таанылган маалымат каражаттары жана жеке адамдар да бар.

- Александр мырза, сиз жетектеген уюм улутчулдук, ксенофобия, саясий радикализм, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү изилдейт. Сиздер дагы 2016-жылы чет өлкөлүк агенттер тизмесине киргенсиңер. Дегеле Орусияда ал мыйзам кабыл алынган 10 жылдан бери коммерциялык эмес уюмдар эмнеден жапа чегип келатат?

Александр Верховский
Александр Верховский

- Биринчиден, бир катар уюмдар андай жарлык менен жашагысы келген жок. Кээ бирлерине моралдык жагы себеп болсо, башкалардын ишине чоң тоскоолдук түзүп келгендиктен, жабылып калды. Кандай тоскоолдук экенине токтоло кетейин. Алсак, кошумча толгон-токой кагаз толтуруп, отчет берип туруш керек. Албетте, бул эң жөнөкөйү, ага эптеп чыдаса болот эле. "Чет өлкөлүк агент" деп мүнөздөлгөн уюмдар дароо дагы бир көйгөйгө туш болду. Бийликтен кайсы бир деңгээлде көз каранды адамдар же уюмдар алар менен мамиле түзбөөгө аракеттенип, оолак боло баштады. Биринчи кезекте мындай көрүнүш билим берүү системасына тиешелүү десем болот. Өнөктөштөр бир заматта жоголуп кеткендиктен ошол коммерциялык эмес уюмдар эбегейсиз кыйынчылыктарга кептелди. Биз деле кайсы бир тараптар менен сүйлөшүү кыйындаганын жон терибиз менен сездик. Мыйзамда чет өлкөлүк агент деген уюмдар менен мамиле курбаш керек, аларга жакындабагыла деп жазылбаса да, көбү кызматташуудан чочулайт. Ошондой чочулоонун артында жүйө бар болсо керек. Мындан тышкары башынан эле мыйзам дискриминациялык эмес, “чет жактан келген акчага саясат менен алектенген уюмдарды гана белгилеп турабыз” деп түшүндүрүшкөн. Алардын чечмелөөсүндө саясат деп каалаган нерсени тааныса болот. Иш жүзүндө мыйзам дискриминациялык болуп чыкты. Себеби улам бир чектөөлөр киргизиле баштады. 10 жылдан бери чектөөлөр көбөйгөндөн көбөйүүдө. Алар мыйзамдын өзүндө эмес, түрдүү актыларга камтылган.

Мисалы, чет өлкөлүк агент деп таанылган уюм коомдук байкоочу комиссияларга талапкерлерди көргөзө албайт. 1-декабрда күчүнө кире турган жаңы мыйзамга ошол чектөөлөрдүн бардыгы болбосо да, бир тобу киргизилген. Чет өлкөлүк агент деген макамы бар уюмдар же адамдар декабрдан тарта иш жүзүндө жашы жетелек балдарга жакындай албай калат. Билим берүү, агартуу ишмердиги менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт. Айрым коммерциялык эмес уюмдар үчүн бул ишмердигине тыюу салууга барабар.

- Туура түшүнсөм, мурдагы мыйзамда чет жактардан каржыланган уюмдар тууралуу кеп болсо, азыркысында “чет өлкөлүк таасир” жөнүндө айтылат экен..

- Ооба, акча каражат гана эмес, методологиялык жардам же таасирдин башка түрлөрү тууралуу сөз болот. Туюндурмасы күлкү келтирет. Мисалы, күч колдонуу деген жери бар. Орусиянын жаранын кармап алып күчкө салдырып бир нерсе жасаттырышат деп айткылары келдиби, айтор билбейм. Чынын айтсам, чет жактан каржылоо дегени да так эмес, бүдөмүк туюнтма болчу. Кээде мисалы чет жактан албаган акча үчүн тизмеге түшүп калган учурлар болгон. Же акча ошол уюмдун же жеке адамдын ишмердигине байланбаган учурларды да билебиз. Айтайын дегеним, каражат ошол саясий ишмердик үчүн эмес, башка бир максаттарга түшкөн болушу мүмкүн. Бирок мунун бардыгы, акчанын көлөмү да маанилүү эмес. Айталы, Кыргызстандан бир рубль которулса да, мыйзам уюмду же жеке адамды чет өлкөлүк агент деп эсептөөгө жол берет. Тизмеге киргизилген акыркы кишилерди алсак, аларды Украина каржылайт деп реестрге жазылган. Бирок конкреттүү ким каржы бергени түшүнүксүз. Каржылоо деп оюна келгенди атаса болот.

- Тизмеге камтылбайт деген уюмдар барбы?

- Туурасы кайсы уюмдар эмес, кандай ишмердикти саясий деп атоого болбойт. Ушундай өңүттөн алып кароо туура го. Диний, соопчулук багытындагы иштер ошол категорияга кирбейт. Бирок бул деле аларды реестрден куткарып калбайт. Мисалы, кайрымдуулук уюму "жардам таратып атабыз" деген эмес, башка билдирүү жасап жиберсе, аны саясат деп таанып салышат. Биздин уюм кайрымдуулук менен алектенбейт деңизчи. Биз Юстиция министрлигинен алган эскертүүдө “бийликтин айрым аракеттерине сын баа берген” деп жазылган болчу. Баса, сөзсүз сындоонун кереги жок, мактасаң да баа берүү болуп саналат. Аны да саясий ишмердик деп эсептөөгө болот.

- Чет өлкөлүк агенттер деген реестрден чыгуунун жолдору барбы?

- Ооба, ал үчүн белгилүү критерийлерди аткарыш керек. Башкача айтканда же саясий ишмердик менен алектенүүнү, же чет өлкөдөн финансы алууну токтотуу зарыл. Бир жыл ошенткенден кийин тизмеден чыгуу арызын бериш керек. Каржылоо жагы жеңилирээк. Анткени уюмдар такай отчет тапшырып турат, Юстиция министрлиги банк эсебине чет өлкөдөн акча келип-келбегенин оңой тактай алат. Бирок бул жерде да талаштуу маселелер чыгышы мүмкүн. Маселен, соопчулук үчүн акча салгандарды кантип текшересиң? Ал орус жараны эмес болуп чыгышы ыктымал да. Ал эми саясий ишмердикке келгенде бардыгы алда канча татаал. Аны Юстиция министрлиги текшерип, аныктайт. Уюм өзү саясий иштер менен алектенген жокмун же токтоттум деп ойлогон күндө да, министрлик андай эмес деп эсептеши мүмкүн.

- Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусиянын Конституциясына каршы келеби?

- Минтип кесе айтуу кыйын. Себеби Конституцияда андай түшүнүктөр жок. Баш мыйзам жалпы алкактарды аныктайт. Ооба, уюмдарды түзүү, биригүү эркиндиги, башка жарандык эркиндиктердей эле коомдук коопсуздукту камсыздоо жүйөсүнөн улам чектелиши ыктымал. Бирок мыйзам чыгаруучу ошол чектөөлөр чындап эле коомдук коопсуздук үчүн зарыл деп далилдеши керек.

- Бул чектөөлөр өлкөнүн коопсуздугун кантип коргоп жатканын бийлик түшүндүрүп жатат да?

- Ал жүйөлөр риторикалык гана мүнөзгө ээ. Сотко чейин жетсе, менимче, аны далилдөө кыйын болмок. Жалпы ой жүгүртүүнү айта турган болсом, чет жактан каржылоо зыяндуу, алар мамлекетке залака тийгизгиси келет, карасанатай максаттарды көздөшөт дешет. Акча алган уюмдардын ошондой максаттары бар деп деле айтылбайт, алар чет өлкөлүк булактардын агенттери дегени эле жетиштүү. Башка түшүндүрмөнүн деле кереги жок.

- Адам укуктары боюнча Европа соту бул мыйзам адам укуктарын бузат деп тааныбадыбы...

- Европа соту ушул мыйзамда каралган чектөөлөрдүн коопсуздукту коргоо үчүн зарылчылыгы жок деп тапты. Эл аралык конвенцияда жарандык эркиндиктерди кайсы максаттарда чектесе болору көргөзүлгөн да. Ошондой зарылчылык түзүлгөндө гана чектесе болору так айтылган.

- Демократиялык жараяндар жагынан Орусия үчүн бул мыйзам чегинүү болдубу? Орусиянын кадыр-баркына кандай таасир этти?

- Формалдуу көз караштан алганда демократияга, саясий жараян катары ала турган болсок, бул мыйзамдын тиешеси жок деп ойлойм. Себеби агент макамын алган уюмдар иш жүзүндө саясатка аралашкан эмес. Балким Шайлоого байкоо салуучулардын ассоциациясын атап кетиш керек. Алар биринчилерден болуп реестрге киргизилген. Саясатка катышпаса да саясий жараянга көз салып келген. Агент деген аталыштан кийин деле кыйын болсо да ишин улантышты. Чынын айтсам, бул - шайлоо жараянынын эң чоң көйгөйү эмес.

Ал эми Орусиянын беделине дал ушул мыйзам катуу тийгенин айта албайм. Бизде ансыз да көлөкө түшүргөн көп нерсе болуп атпайбы. Кыргызстанды алсак, бул жерде айырма бар. Кыргызстан Орусияга караганда эркин өлкө. Эгер талаштуу мыйзам кабыл алынып калса, Кыргызстандын эл аралык беделине чоң сокку болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG