Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстанда жашап жаткан ооган жарандарынын укугу тууралуу маселени эл аралык уюмдар катышкан эксперттик жыйында көтөрдү.
Жыйында 2000-жылдары Ооганстандан качып келген ондогон үй-бүлө алигиче качкын макамын ала албай жатканы айтылды. Ушундан улам алардын Кыргызстанда жүрүүгө жана иштөөгө уруксат берген документтери да жок экени маалым болду.
Акыйкатчы институтунун эксперттери БУУнун "мандаттуу качкын" макамын алган 30 үй-бүлөнүн 129 мүчөсүнүн суроо-талаптары, жашоо-шарты боюнча иликтөө жүргүзүп, алар Кыргызстанда жергиликтүү элге сиңип, тартиптүү жашап жүргөнүн, алардын балдары мектепте жана окуу жайларда билим аларын, бирок өлкөдө мыйзамдуу жүрүү укугу сакталбай жатканын аныкташкан.
Абдрахматова мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кайрылып, согуштан качып, башпаанек сураган чет элдик жарандардын Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун жолдорун караштырууну сунуштады.
Эксперттик жолугушууга БУУнун Качкындар башкармалыгынын, бейөкмөт уюмдардын, бийликтин өкүлдөрү катышты.
Быйыл августта Бишкекте ондон ашык ооган качкыны АКШга же Канадага жөнөтүү талабы менен митингге чыккан. Алар Кыргызстанда узак убакыттан бери жашап жатканына карабай башпаанек ала албай жатканын айтышкан.
2021-жылы да Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыккан. Анда дагы 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүргөнүн билдиришкен. Кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышкан.
Акцияга чыккандар Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны "качкын" макамын ала албай жүргөнүн белгилешкен.
Буга чейин расмий расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген.(ZKo)