Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Эркин медиага каршы акциядагы билдирүүлөр боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды


“Азаттык Медианын” Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциянын катышуучулары, 1-октябрь, 2022-жыл.
“Азаттык Медианын” Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциянын катышуучулары, 1-октябрь, 2022-жыл.

“Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды. Териштирүү алкагында уюштурулуп жаткан бул экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылды.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан.

Алардын журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча "Азаттык Медиа" милицияга кайрылган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Исраилов "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленген.

“Кыргызстандын Конституциясы жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алууга, аларды жайылтууга жана ой-пикирди эркин билдирүү укугуна кепилдик берет. Өлкөдө цензурага жол берилбей турганы жазылган. Биз бул акцияга чыккандардын кыймыл-аракетин сындайбыз жана ага тийиштүү баа берилишин талап кылабыз. Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраиловдун чагымчыл маанайдагы чакырыктары жана билдирүүлөрү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептейбиз. Мындан улам анын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде баа берип, тийиштүү чара көрүүңүздү өтүнөбүз”, - деп билдирген "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөгөн.

Илимбек Исраилов эл арасында "Райым миллион" деген ат менен таанымал Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына катышып жүргөнү менен белгилүү. Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп иштеп, ири коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин камалып чыккан. “Азаттык” радиосу Матраимовдун жемкорлук системасын иликтеп, миллиондогон доллар мыйзамсыз жол менен сыртка ташылып кеткенинин бетин ачкан.

Акциянын катышуучуларынын арасында бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тарткандар да болгон.

Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз каранды эмес үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурда өткөн. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылган. 14-октябрда эркин медиаларга кысымды токтотуу талабы менен чыккандар Бишкекте жүрүш уюштурушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG