Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Кооптуу берене менен козголгон иштер


Адилет Али Мыктыбек, Эмил Бекиев, Болот Темиров, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев. Коллаж.
Адилет Али Мыктыбек, Эмил Бекиев, Болот Темиров, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев. Коллаж.

Кыргызстанда тогуз айдын ичинде “Массалык баш аламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен 25 кылмыш иши козголгон.

Анын ичинен 23 иш социалдык тармактардагы билдирүүлөр боюнча ачылган. Мындай айыптар көп учурда бийликти сындаган активисттер менен блогерлерге коюлат. Алардын айрымдары азыр камакта отурат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын маалыматына караганда, быйыл январь-сентябрь айларында укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси “Массалык баш аламандыктар” боюнча үч, 330-беренеси “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен 22 кылмыш ишин козгогон. Мунун ичинен массалык баш аламандык боюнча үч, улут аралык кастыкка байланыштуу 20 иш социалдык тармактардагы пикир үчүн ачылган. Гүлшайыр Абдирасулова бул маалыматтар Башкы прокуратурадан алынганын айтты.

Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

“Расмий маалыматтарда көрүнүп тургандай кылмыш иштеринин көбү социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр боюнча козголгон. Биз бул маселени 2016-жылы эле экстремизм жана терроризмге каршы туруу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда көтөргөнбүз. Социалдык тармактардагы пост, башкалардын билдирүүлөрүн бөлүшүү же жактыруу кылмыш ишин козгоого негиз болбошу керек. Бирөөнүн постуна жактыруу деген белгини койгондор сөзсүз эле аны менен макул дегенди билдирбейт. Мисалы, мен ал посттун алдындагы талкуудан кабардар болуп туруш үчүн деле "лайк" коюп коём. Ал эми быйыл козголгон иштердин көбү бирөөнүн билдирүүсүн бөлүшкөндөр жана ага жакты деген белгини койгону үчүн ачылган”.

“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылгандар айыпка жыгылат же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен шек саналгандар коюлган айыбына жараша беш жылдан он жылга чейин түрмөгө кесилет.

Ушул беренелер менен иш козголгон социалдык тармактардардын активдүү колдонуучулары, жарандык активисттер менен блогерлердин алды абакка түшүп чыкса, кээ биринин иши азыр да тергелип жатат.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүмүнө “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен шек саналып, август айынан бери тергөө абагында отурат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Улуттук коопсуздук комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону ал иштеткен баракчага жайгаштырганы үчүн иш козгогон.

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев коюлган айыпка макул эмес. Жакында эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны үй камагына чыгарууну суранып президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек да “Массалык баш аламандыктар” беренесине шек саналып июнь айынан бери камакта. Ага да Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн иш козголгон.

Мыйзам баарына бирдей эмеспи?

Ошол эле маалда өлкөдө мыйзам үстөмдүгү сакталбай калган учурлар кездешип атканын айткан адистер да бар. “Медиа Полиси Институтунун” юристи Нурбек Сыдыков "Азаттык медианын" Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акцияда журналисттерди түздөн-түз коркуткан активист Илимбек Исраиловдун кыймыл-аракетине укуктук баа берилиши керек экенин айтты.

“Азаттыктын” кеңсесинин алдына чыккандардын айткандарына укуктук баа берилип, жоопко тартуу азырынча ишке аша элек. Мисалы, ошол күнү сөз сүйлөгөн Илимбек Исраиловдун айткандарында кастыкты козуткан сөздөр тастыкталса, кылмыш жообуна тартпаса да административдик чара көрүлгөнү оң”, - деди “юрист Нурбек Сыдыков.

13-октябрда Илимбек Исраилов “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылышкан. Исраилов күч колдонууга чейин барам деп журналисттерди опузалап, бензин чачып өрттөп кетерин айтып, тикелей коркутуу жасаган.

“Азаттык” радиосу журналисттерди коркутуп-үркүткөн окуяны териштирүүнү өтүнүп, Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз жазган. Илимбек Исраиловдун сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы кабарланды.

Лингвистикалык жана политологиялык экспертиза

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев “Улут аралык кастыкты козутуу” деген айып менен 21-сентябрда шарттуу түрдө кесилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) канал Кыргызстан Украинадагы согушта Орусияга жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат берген деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Таалайбек Дүйшөмбиев коюлган айыпты негизсиз деп, лингвистикалык экспертиза мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып келатат.

Юрист Бакытбек Автандил уулу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн иш ачылган фактыларда дал ушул лингвистикалык экспертиза чала-чарпыт, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлөт деген пикирде:

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

“Азыр билдирүүнү лингвистикалык экспертизага берип анын жыйынтыгы менен эле иш козгоп жатат. Лингвисттер болсо аны бир эле күндө даярдап коюуда. Өткөндө бир жараян болду. Анда лингвистикалык экспертиза жүргүзүүдө психологду жумушка тарткан эмес. Биз “психолог катышса анын жыйынтыгы өзгөрүшү мүмкүнбү?” деп сурасак, “ооба” деп жооп беришти. Ушундан улам адвокаттар Орусиядан да көз каранды эмес лингвисттерди алып келип ишти кыскартканга туура келип атат. Бизде болсо лингвисттер үстүртөн эле шашылыш жыйынтык чыгарып коюшууда. Эксперттер сотко келип катышуудан да баш тартышууда. Аларга да басым болуп жатканын түшүнүп эле турабыз”.

"Кылым шамы" кыймылынын жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын маалыматына ылайык, быйыл тогуз айда Юстиция министрлигине караштуу соттук-экспертизалык кызмат экстремизм-терроризмге, кандайдыр бир чакырыктарга байланыштуу беренелер менен козголгон кылмыш иштеринин негизинде 300дөн ашык токтом чыгарган.

Андан тышкары Улуттук илимдер академиясынын адистери да лингвистикалык жана политологиялык экспертизаны жүргүзөт. Юристтер укук коргоо органдары “Массалык баш аламандыктар” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелерин курал катары колдонуп жатканын эскертип келатышат.

Социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиевага июль айында “Улут аралык кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Соңку жылдары Кыргызстанда блогерлер камалып, журналисттерге жана эркин медиага каршы козголгон кылмыш иштери бар. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG