Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:35

"Кызымды сагындым". Орусиядан туткундан бошотулган аялдар


Туткундан бошотулган украиналыктар. Запорожье, 17-октябрь, 2022-жыл
Туткундан бошотулган украиналыктар. Запорожье, 17-октябрь, 2022-жыл

Орусиянын Ейск шаарында кыргын салуучу учак (истребител) турак жайларга кулагандан кийин каза тапкандар 13 кишиге жетти. Дүйшөмбүнүн кечинде Киев менен Москва аял-туткундарды айырбаштады, арасында азовчулар бар. Ал тапта шейшембиде эртең менен Украинанын бир нече шаары аткыланды.

Орусиянын Ейск шаарында истребител турак жайларга кулагандан кийин каза тапкандар 13 кишиге жетти. Бийлик учак машыгуу учурунда кырсыкка учураганын айтууда. Дүйшөмбүнүн кечинде Киев менен Москва аял-туткундарды айырбаштады. Украин тараптан бошотулгандардын арасында Азовсталдан эвакуациялангандар бар. 18-октябрда эртең менен Украинанын Кривой Рог, Николаев, Харьков, Днепр, Житомир жана башка шаарлары аткыланды.

Истребитель кулаган жер. Ейск шаары, 17-октябрь 2022-жыл
Истребитель кулаган жер. Ейск шаары, 17-октябрь 2022-жыл

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, куткаруучулар учак кулаган жерде дагы бир нече кишинин сөөгүн тапты, арасында жашы жетелек үч бала бар, 19 киши жараат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13 кишинин каза тапканын бышыктап, 68 тургун куткарылганын, 360тан көбү эвакуацияланганын билдирди.

Буга чейин жабыркагандардын арасында кош бойлуу эки аял болгону, эки наристе оор абалда экени маалымдалган.

Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренконун айтымында, окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду:

"Тергөө комитетинин аскердик иликтөө департаменти Краснодар облусунун Ейск шаарында Су-34 учагынын кулашы боюнча кылмыш иш козгоду. Окуя болгон жерде борбордук аппараттын криминалисттери иштеп жатат. Аскердик тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын жана себптерин такташууда".

Дүйшөмбүнүн кечинде бомба ташуучу истребител турак жайлар жыш жайгашкан кварталга кулаганда тогуз кабат үйдү өрт чалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт күйүүчү май төгүлгөндө тутанганын айтууда. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги СУ-34 машыгуунун алкагында учуп жүргөнүн, анын моторунун кыймылдаткычы күйө баштаганын билдирген. Учкучтар учактан секирип түшүп аман калды.

Ейск Азов деңизинин боюнда, Украинанын азыр орусиялыктар ээлеп алган Мариупол шаарынын маңдайында орун алган.

Мариуполдогу Азов полку бир нече ай орус армиясына туруштук бергени менен дүйнөгө таанылган.

Орус туткунунан бошотулган украиналыктар. 17-октябрь, 2022-жыл
Орус туткунунан бошотулган украиналыктар. 17-октябрь, 2022-жыл

Дүйшөмбүдө Киев менен Москва туткундарын айырбаштаганда 37 азовчу мекенине кайтарылды.

Азов полкунун медкызматкери Виктория Обидина энеси менен кызын кучактай турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жаткан чак:

“Акыркы мүнөткө чейин алмашууга баратканыбызды билген эмеспиз. Учак менен бүгүн жеткирип келишти. Андан кийин машинеде баратканда жолдун четин көрүп Запорожье тарапка бет алганыбызды түшүндүк. Абдан бактылуубуз, азыркыга чейин ишене албай турабыз. Фронттун тилкесинен өткүчө, биздин автобустарга отургуча ишенбей келдик”, - деди ал.

Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак биринчи жолу жалаң аялдар алмашылганын билдирди. Арасында 12си карапайым кыз-келин, 11 офицер, 85 сержант жана катардагы аскер бар.

Согуш туткундарын кармоо шарттарына байкоо жүргүзгөн координациялык кеңсе тараткан маалыматка караганда, бошотулган украиналыктардын эң улуусу 62, эң кенжеси 21 жашта.

13-октябрда тараптар 20дан туткунду айырбаштаган. 11-октябрда украин куралдуу күчтөрүнүн 32 жоокери мекенине кайтып келген.

21-сентябрда эркиндикке чыккан 215 украиналык согуш туткунунун катарында 108 азовчу бар болчу.

Ал арада орус армиясы шейшембиде Украинанын аймактарына сокку урууну улантты. Кривой Рог, Николаев, Харьков, Днепр, Житомир жана башка шаарлар аткыланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Президенттин администрация башчысынын орун басары Кирилл Тимошенконун айтымында, Днепр калаасынын энергетикалык инфраструктурасына ири зыян келтирилди.

Днепропетровск облусунун администрация жетекчиси Валентин Резниченко бул маалыматты бышыктап, айрым райондордо суу, электр менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураганын айтты.

Маалыматтарга караганда, орус аскерлери кыш жакындаган сайын Украинанын энергетикалык жайларын бутага алууда.

XS
SM
MD
LG