Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Кадыркулов Украинадагы кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга чакырды


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов элчилик Киевде штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Ал Фейсбук баракчасында жарыялаган билдирүүдө Украинада кырдаал курч экенин, ракеталык-бомбалык соккулар өлкөнүн бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бардыгын белгилеген. Элчи бул өлкөдөгү кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга үндөгөн.

"Азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам - өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар", - деп жазган Кадыркулов.


Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларын жапырт аткылоосун 11-октябрда да улантты. Бул күнү дээрлик бардык облустарда аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.

Киев жана Одесса облусундагы айылдар, Запорожье, Львов, Винница, Ивано-Франковск, Кривой Рог, Николаев жана башка шаарларга ракета, дрон жана артиллерия менен сокку жасалды. Ондогон имараттар талкаланды, бир нече адам өлдү. Жаракат алгандар да арбын.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы 11-октябрда кабарлагандай, дүйшөмбү күнкү жапырт соккунун курмандыктары 19 кишиге жетти. 105 киши жарадар болду. Учурда 300дөй айылда дале электр энергиясы берилбей турат, 3500дөй конушта ал калыбына келтирилген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG