Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Путин Украинаны жапырт аткылоону “жооп” деп атады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 10-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда Украинаны Орусиянын аймагында террордук актыларды даярдоого жана аткарууга айыптады. Путин украин атайын кызматтары Кара деңиз аркылуу өткөн “Түрк агымы” газ куурун жардырууга аракет кылганын, бирок ал ишке ашпай калганын айтты.

Ал мурдараак Орусиянын “Курск атомдук электр станциясына каршы теракттар болгонун” белгилеп, Крымдагы жардыруу үчүн Украинаны күнөөлөдү.

“Криминалисттик жана башка экспертизалардын маалыматы, ошондой эле ыкчам маалыматтар 8-октябрдагы жарылуу – бул террордук акт экенин, Орусиянын маанилүү инфратүзүмдөрүн жок кылууга багытталган теракт экенин көрсөтүүдө. Буйрутма бергендер, уюштуруучулар, аткаруучулар – бул украин атайын кызматтары. Киев режими мурдатан эле террордук ыкмаларды колдонуп келген”, – деди Путин.

Путин 10-октябрдагы чабуулдар ушуга жооп экенин, “соккулар абадан, деңизден жана жерден алыскы аралыкка атылчу жогорку тактыктагы куралдан” атылганын айтты. Ал Украинанын энергетикалык, аскердик жана байланыш объектилери талкаланганын кошумчалады. Орус президенти Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.

10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адам өлдү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин буга Украинанын атайын кызматтарын айыптаган. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG