Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:38

Шакиев: Парламенттин, өкмөттүн ички ынтымагы бекем болушу керек


Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына көрсөтүлгөн "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев 5-октябрдагы жыйында билдирди. Ал Дастан Бекешевдин парламент менен өкмөттүн мамилесинин келечеги тууралуу суроосуна жооп берди.

"Жон терибиз менен сезип жатабыз, сырттан душмандар бизге опурталдуу, коогалаңдуу болуп турганда биздин ички ынтымагыбыз болуп көрбөгөндөй бекем болушу керек. Биринчи кезекте парламенттин ичинде, бийлик бутактары арасында ынтымак бекем болуп, бири-бирин сыйлаган тартипте иш алып барышыбыз керек. Мыйзамда көзөмөлдөө функциябыз кандай жазылган болсо, ыйгарым укуктарыбыз кандай болсо ошонун негизинде иш алып барабыз. Эч кандай конфронтацияга барып, аларды көкөлөтө мактап, орунсуз сындоого жол бербей баш мыйзамдын, регламенттин чегинде иш алып барабыз", - деди Шакиев.

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт-Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурланбек Шакиевди көрсөткөнүн вице-спикер Улан Примов 5-октябрдагы сессияда билдирди. Учурда жаңы спикерди шайлоо башталды.

Нурланбек Шакиев өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТР телеканалын жетектеген. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси, 2010-2011-жылдары маданият министри болуп иштеген.

Буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирген.

Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты.

Спикер эки жылга жакын убакта парламентти жетектөөгө ишеним артканы үчүн кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда 7-чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болгон.

XS
SM
MD
LG