Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Алматыда каракалпакстандык активист кармалганы кабарланды


Нукус шаары. 3-июль 2022-жыл
Нукус шаары. 3-июль 2022-жыл

Алматыда каракалпакстандык активист Зиуар Мирманбетова кармалганын шейшембинин кечинде каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай Твиттерге жазды. Анын маалыматына караганда, Мирманбетованы үйүнөн шаардык полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Сентябрдын ортосунда Алматыда диаспоранын үч активисти кармалган. Алардын куугунтукталышын июлда Каракалпакстанда болгон массалык нааразылык акцияларына байланыштырышат.

Раиса Худайбергенова, Жангелды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" үчүн шектелүүдө.

Торемуратов ошол маалда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Польшадагы конференциясына барууга даярданып жаткан. Активист өзбек бийлиги Каракалпакстандагы акцияларды кантип күч менен басканы тууралуу доклад жасамак.

Казакстандын тиешелүү органдары Мирманбетованын кармалганы тууралуу маалыматты комментарийлеген жок. Укук коргоочулардын айтымында, кошуна өлкөнүн өтүнүчү менен активисттерди кармоо буга чейин да болуп келген.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG