Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Нарында алты тоо теке атылганы белгилүү болду


Тоо теке. Алай району.
Тоо теке. Алай району.

3-октябрь күнү алты тоо текени мыйзамсыз атууга шектелип Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүү Нарындагы "Босого" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан колго түшкөн.

Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мыйзамга ылайык, аркар, бугу-марал, аюу атып алган мергенчилерге 1 миллион сом айып салынат. Ал эми ак илбирске 1,5 миллион, тоо текеге 100 миң сом айып каралган. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонгондорго салына турган айыптын өлчөмү 1,5 млн. сомду түзөт.

Нарын облусунта тоо теке жана башка жаныбарларга аңчылык кылгандар буга чейин да кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG