Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

ЖК комитети азык-түлүк баасын жөнгө салууда министрликтердин ишин сындады


Бишкектеги Ош базары.Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Ош базары.Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 3-октябрдагы жыйынында өлкөдөгү тамак-аш, азык-түлүктүн баасына байланыштуу жагдайды карады. Анда комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев баштаган бир катар депутаттар тиешелүү министрлик-мекемелердин ишин сынга алды.

"Баа кымбаттагандан кымбаттап баратат. Биз иштебеген министрлерди эмнеге кармап отурабыз? Керт башы менен жооп бербейби. Президентке келгенде "мени кызматка кой, иштеп берем, мамлекетти алдыга жылдырам" деп жалдырашат. Ишти жылдырган жок, өкмөттү дагы, президентти дагы уят кылып жатышат. Силер бир дагы санга так жооп берген жоксуңар",-деди Кенжабев.

Кыргызстанда быйылкы жылдын жети айында азык-түлүккө баа 12 пайызга кымбаттаган. Өлкөдө эң көп кумшекер жана ун азыктарынын баасы сезилерлик жогорулаган. Экономика министрлиги мындай кырдаалды дүйнөдөгү абал менен түшүндүрүп, учурда бааларды кармоого аракет көрүлүп жатканын билдирген.

Быйыл март айында өкмөт социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү үчүн Антикризистик комитет түзгөн эле. Бул комитет базар бааларын тынымсыз карап, жетишүү запасты жана жеткиликтүү бааны камсыздаганга аракет кылат деп айтылган.

XS
SM
MD
LG