Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

Тыванын бийлиги мобилизацияга тартылгандардын үй-бүлөсүнө кой тарата баштады


Орусиядагы койлор. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы койлор. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Федерациясынын субъектиси – Тыва Республикасынын бийлиги Украинадагы согушка жарандарды мобилизациялоонун алкагында аскерге тартылган жарандардын үй-бүлөсүнө койлорду тарата баштады. Бул тууралуу республиканын өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ар бир үй-бүлөгө бирден кой алат. Ушул убакка чейин республиканын тогуз районунун жашоочуларына 91 жандык таратылган. Дагы бир райондо тургундарга картошка берилген. Мындан сырткары муниципалитеттер аскерге кеткендердин жакындарына капуста менен ун таратылган.

Тыванын Барун-Хемчикс районунда мобилизацияга тартылган кишинин үйүнө көмүр берилгени кабарланса, Шагонар шаарынын администрациясы аларга отун жеткирүү чечимин кабыл алды. 17 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр 5 миң рублден жардам алат.

29-сентябрда Тыванын борбору Кызыл шаарында мобилизацияга каршы аялдардын акциясы өткөн. Полиция анын 20дай катышуучун кармап кеткен. Ошол эле күнү республиканын өкмөтү мобилизация боюнча планды аткарганын жарыялаган. Армияга канча киши жөнөтүлгөнү такталган жок.

Тыва – Орусиянын эң жакыр аймактарынын бири болуп саналат. "РИА-Рейтинг" мамлекеттик изилдөөсүнө ылайык, республика 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоонун сапаты жагынан 85 орунга турган. Бийлик аймактагы маянадан жогору акы сунуштоо менен жергиликтүүлөрдү армияга активдүү түрдө тартып келет.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Атайын кайрылуу жасаган учурда президент Путин өзү аскердик адистиги жана согуштук тажрыйбасы бар резервдегилер гана мобилизацияга тартыларын айткан болчу. Ага карабай Коргоо министрлиги кеңири катмардагы жарандарды аскерге тартып жатканы кабарланды. Анын ичинде армияда кызмат кылбагандар, пенсионерлер, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, программисттер да тартылып, согушка жөнөтүлүп жатат. Мобилизацияга тартылгандар аскерде жатарга, тамак ичерге жана башка нерселер шарттар жоктугун, эски курал-жарактар берилип жатканын даттанып, видеолорду чыгарып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG