Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Алмазбек Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты


Алмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев

Пара алууга шек саналып жаткан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты. Бул тууралуу 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бөгөт чарасын караган отурумга келгенде билдирип, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин кошумчалады. Министрден кошумча маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок, ушул тушта сотто анын бөгөт чарасы каралууда.

Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгышты.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну "чагым" деп аташууда. Министрликтин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, Алмазбек Бейшеналиев реформачыл жетекчи экенин, анын ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы министрдин ишинен кабардар экенин, ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

2020-жылдын күзундө да аталган министрликтин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG