Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:42

УКМКнын ардагерлеринин Ташиевди колдогон кайрылуусу таратылды


Камчыбек Ташиев (ортодо).
Камчыбек Ташиев (ортодо).

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан кайрылууда оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылдын" атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин иштен алууну талап кылышы сынга алынган.

Алар "БДКнын кайрылуусу бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуянын кесепетин жоюу менен алек болуп жатканда таратылган жана коомдук пикирди бурмалоого багытталган билдирүү" деп эсептейт. Ошондой эле учурда негизсиз сындын ордуна пайдалуу кеңештер менен жардам берүү зарылдыгы турганы белгиленген. Эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу кол коюлган протокол керектүү документ экени, анын арты менен тынчтык орной турганы жазылган.

УКМКнын басма сөз кызматы атайын кызматтын ардагерлерине таандык экени айтылган, бирок кимдер кол койгону ачык жазылбаган кайрылууну 28-сентябрда таратты.

БДК 27-сентябрда Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындаган билдирүү тараткан. Анда Ташиевдин соңку кадамдары "коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөткөнү" белгиленген. Оппозиция мындан улам президентке кайрылып, Ташиевди токтоосуз кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын каны төгүлгөн окуяда Бишкек менен Дүйшөмбү бирин-бири айыптоодо.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары жетишкен келишимге ылайык, тараптар кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашкан.

26-сентябрда Ташиев журналисттерге, "Биз Тажикстандын Чек ара кызматы же армиясы менен эмес, башка адамдар менен кагылыштык. Аларды ким деп атоону билбейм", - деген комментарий берген. (SE)

XS
SM
MD
LG