Баткен: “Кара кагазы” келип, сөөгү жок
Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгон 22 жаштагы Дастан Анарбеков менен 26 жаштагы Тилек Жаңыбай уулунун “кара кагазы” келип, бирок сөөгү табылбай жаткан. 26-сентябрда Тилек Жаңыбай уулунун сөөгү танкта күйүп кеткени айтылып, "Ата-Бейитке" жерге берилди. Ал эми Дастан Анарбеков дале дайынсыз.