Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Өзбекстандын муфтияты жарандарды согушка катышпоого чакырды


Өзбекстандын Шахрисабз шаарындагы мечит.
Өзбекстандын Шахрисабз шаарындагы мечит.

Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы жарандарды Украинадагы согушка катышпоого чакырды.

Башкармалыктын Фатва борбору социалдык тармактарда “Орусия жана Украина сыяктуу согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө жашаган өзбекстандыктарды ар кандай убадалар менен урушка үгүттөгөн учурлар” байкалып жатканын билдирди.

"Мындай кутумдарга аралашуу шариятта арам деп эсептелет. Мындан тышкары, биздин мыйзамдарыбыз чет мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнө, мыйзамсыз диний уюмдарга жана террористтик топторго мүчө болууга тыюу салат", - деп айтылат муфтият таратка маалыматта.

Сентябрдын башында Украина бийлиги Орусия согуштук күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданмачыларды тартып жатканын маалымдаган. Буга тушташ орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалды.

Мурдараак Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан кишилерди согушка азгырып жатканы ачыкка чыккан.

Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери орус жарандыгын алган чет элдиктерге да аскерге чакыруу келе баштаган. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер ал жакта иштеп жүргөн жарандарына кайрылып, согуштук аракеттерге аралашпоого чакырган. (SE)

XS
SM
MD
LG