Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти. 100 жабырлануучу Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулган. Бейтаптардын басымдуу бөлүгү аскер адамдары.