Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Жалал-Абадда чек ара коркунучунан баш калкалап келген балдарга оюн-зоок уюштурулду


Чек арадагы куралдуу жаңжалдан баш калкалап келген балдар паркта. Жалал-Абад шаары. Сентябрь, 2022
Чек арадагы куралдуу жаңжалдан баш калкалап келген балдар паркта. Жалал-Абад шаары. Сентябрь, 2022

Жалал-Абад шаардык мэриясы Баткен облусунан убактылуу жашоо үчүн келген үй-бүлөлөрдөн 60 баланы "Луна парк" аттуу оюн-зоок жайына алып барды.

Балдарга эс алууну шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эне жана балдар менен иштөө бөлүмү уюштурган. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балдарга сый дасторкон да даярдашкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда Кыргызстандан кеминде 59 адам мерт болду, арасында 15 жаштагы кыз бар.

Түрдүү жаракат алгандардын саны 200гө чукулдады, алардын ичинде 12си балдар.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду, булардын ичинде канчасы жашы жете элек бала экени тууралуу так маалымат жок.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

Бул маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG