Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Украина Орусияга салынган санкцияларды алууга үндөгөн Венгрияны айыптады


Виктор Орбан
Виктор Орбан

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси Орусияга салынган санкцияларды алып салууга чакырган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын аракеттерин кескин айыптап, Венгрияны Европа Биримдигинин ичиндеги “Троя аты” деп атады. Мындай пикирди Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк жарыялады.

“Орбан Орусияга каршы салынган санкцияларды алуу үчүн күрөшүп жатыптыр. Ар бир нерсени өз аты менен атайлы, Венгрия Европа Биримдигин европалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен талкалоого умтулган “Троя аты”. Орбан Украинаны жек көрөт жана Европада “орус дүйнөсүн” түзүүнү кыялданат. Ушундай шартта Евробиримдик анын диверсияларын дале каржылай береби?” – деп жазды Михаил Подоляк Твиттердеги баракчасында.

Виктор Орбандын билдирүүлөрү тууралуу мунун алдында “Азаттыктын” мажар (венгер) кызматы – Szabad Európa радиосу жазып чыккан. Анда Орбан Евробиримдиктин жабык өткөн жолугушууларында Украинадагы согушка байланыштуу бир катар чуулгандуу билдирүүлөр менен чыккан.

Жолугушуунун бир катар катышуучуларына таянган журналисттер ырастагандай, Венгриянын премьери анда Украинадагы согуш “2030-жылдарга чейин созулушу мүмкүндүгүн”, ал эми Украина “өзүнүн аймагынын үчтөн бирин жоготорун же жарымын жоготорун” билдирген. Ал “эгер Батыш аралашпаса Украинадагы согуш локалдык гана чекте болмогун, азыр ал глобалдык согушка айланып калганын” айткан. Орбан Европа Орусияга санкция салып, "өзүнүн бутуна өзү ок атып алган" деп эсептей турганын айтып, санкцияларды кайра алууга чакырган.

Орбан Орусиянын президенти Владимир Путин менен дос жана ал мурдараак орус газын рубль менен сатып алууга да макул болгон. Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды жалаң рубль менен сатуу шартын апрелдин башында киргизген. Орбан мурдараак Украинанын батышында жашаган мажар тектүү жарандардын укуктары тууралуу да маселе көтөрүп, расмий Киевге сөз ыргыткан учурлары болгон.

“Троя аты” – байыркы грек мифологиясында айтылган. Троя согушунда колдонулган жыгачтан жасалган аттын чоң айкели.

“Илиада” жана “Одиссея” эпосторунда баяндалгандай, Трояны басып алганы келген гректер узакка созулган согушта алсырап, соңунда аттын айкелин жасап, таштап кетишкен.

Аны троялыктар коргондун ичине алып кирип, жеңишти майрамдаган. Жыгач аттын ичинде жашырынып алган гректер чептин дарбазасын ачып, соңунда Троя толук талкаланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG