Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Казакстандын борбору кайрадан Астана деп аталат


Астана шаары.
Астана шаары.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор шаарды кайрадан Астана деп өзгөртүү жөнүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Иш жүзүндө бул шаардын атын өзгөрткөн алтынчы чечим болуп калды.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Токаев кол койгон өзгөртүүлөр мындан сырткары президенттик мөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартып, бир мөөнөткө гана шайлоону да камтыйт.

Нур-Султан шаардык кеңешинин депутаттары 15-сентябрдагы жыйынында борбор калаанын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдогон. Жыйында чечимди кабыл алууда Телеграмм каналдардагы сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынганы, анда жарандардын 80% ашыгы шаарга Астана деген аталышын кайтарууну колдогону айтылды. Бул боюнча мыйзам долбоорун казак парламенти 16-сентябрда жактырган.

Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган. Сентябрь айынын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн “Жаңы Казакстан” тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүүнү сунуштаган.

Кеп болуп жаткан шаар 1830-жылы конуш катары негизделген учурда Акмолинск деп аталган. 1961-жылы анын аталышы Целиноград деп өзгөртүлгөн. 1992-1998-жылдары Акмола деп аталган. 1997-жылдын декабрында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу менен борбор Алматы шаарынан Акмолага көчүрүлүп, 1998-жылы Астана деп аталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG