Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Караколдо жана Таласта Баткенге гуманитардык жардам чогултулуп жатат


Баткен үчүн чогултулуп жаткан жардам. Спорт ордосу. Бишкек. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен үчүн чогултулуп жаткан жардам. Спорт ордосу. Бишкек. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Баткенге жардам берүү үчүн беш пункт ачылды. Бул тууралуу шаар мэри Эрмат Жумаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик жардам чогултууну “Макиш”, “Ак Тилек” жана “Бугу” базарлары, борбордук соода түйүнү, шаардык Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта уюштурган. Мындан тышкары Ысык-Көлдүн беш району жана үч шаарында да гуманитардык жардам чогултуу жүрүп жатат.

Чогулган гумжардамдын алгачкы партиясы бүгүн, 17-сентябрда саат 18:00дө Баткенге жөнөтүлөт.

Талас шаарында да жаш активисттер гуманитардык жардам чогултуп жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын уюштуруучуларынын бири Бектур Медетов билдирди.

"Учурда муктаждыктардын тизмеси такталып жатат. Таластын тургундары азык-түлүктөрдү алып келүүдө. Буйруса кечинде эки оор жүк ташуучу унаа Баткенге жолго чыгат. Телеграм канал түзүлдү, тизме такталса ошол жактан элге маалымат беребиз", - деди Медетов.

Ушундай эле акциялар облустун башка аймактарында да уюштурулуп жатканы кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 136 миң адам үй-жайын таштап, коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болушкан. Алар Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Алар Кадамжай районуна, Ош шаарына эвакуацияланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Мындан тышкары Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 3 миңге жакын адам коопсуз жакка эвакуацияланганы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу жана жөнөтүү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жүрүп жатат.

Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.(KS/MKt)

XS
SM
MD
LG