Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Жалал-Абад облусунан Баткенге 30 тонна гумжардам жөнөтүлдү


Жалал-Абад облусунан Баткенге гумжардам жиберүү. Жалал-Абад шаары. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Жалал-Абад облусунан Баткенге гумжардам жиберүү. Жалал-Абад шаары. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунун аймактарында 13 штаб иш алып барууда.

16-сентябрда Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн резервдик фондунан 5 тонна ун, 5 тонна күн карама майы, 3 тонна күрүч, 3 тонна кумшекер Баткенге жиберилди. Мындан сырткары шаар мэриясы жана ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан да азык-түлүк жыйналууда.

Учурда облустун райондорунда да гуманитардык жардам жыйноочу түйүндөр иштеп жатат. Жалпы чогулган жардам 17-сентябрда түштөн кийин Баткенге жөнөтүлөт.

Баткенге жиберилүүчү жардамга Сузактын Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырга арналган Республикалык айтыштын 1 млн. сом байге акчасы да кошулду. 17-сентябрга белгиленген айтыш болбой калды. Чек арадагы жаңжалынан каза болгондорго жана Курманбек Баатырга багышталып куран окулгандан кийин байге фондго бөлүнгөн 1 млн. сомду жана иш-чарага даярдалган азык-түлүктүн баарын Баткенге жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 136 миң адам үй-жайын таштап, коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болушкан. Алар Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Алар Кадамжай районуна, Ош шаарына эвакуацияланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу жана жөнөтүү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жүрүп жатат.

Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG