Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:54

ISW: Орусия Украинадагы согушта жеңилгенин биринчи жолу моюнга алды


Харьковдо Орусиянын талкаланган аскердик техникасы.
Харьковдо Орусиянын талкаланган аскердик техникасы.

АКШдагы Согушту изилдөө институту (ISW) Орусия Харьков облусунда аскерлери артка чегингенин ырастап, Украинадагы согушта жеңилгенин биринчи жолу моюнуна алганын билдирди. Бул тууралуу институттун фронттогу кырдаалды анализдеген күнүмдүк баяндасында айтылат.

Институт Кремль Украинанын армиясы орус аскерлерин Киевден жана Змеиный аралынан сүрүп чыкканда жеңилгенин моюнуна албаганын айтып, бул жолу да Харьковдо чегинишин “кайрадан күч топтоо” менен байланыштырууда деп эсептейт.

Украинанын армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул шаарда Балаклея, Изюм сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сентябрдын башынан бери алты миң чарчы чакырым аймак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирген.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG