Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Депутаттар курултайдын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңеште курултай маселеси көтөрүлүп, айрым депутаттар бул иш-чара президенттин жарлыгы менен чакырылып жатышын мыйзамсыз деп аташты. Депутат Адахан Мадумаров мындай пикирин парламенттин алсыздыгы менен байланыштырып, мурда он күн ичинде бекитилип келген регламент бул жолу тогуз айдан бери кабыл алынбай жатканын сындады жана бул үчүн депутаттар өзүлөрү күнөөлүү деген оюн айтты:

“Мыйзамсыз курултай чакырылды. Эмне үчүн? Себеби Жогорку Кеңешти көзгө илбегени үчүн. “Жогорку Кеңеш СМС менен жазып койсоң, ошого макул болот” деген ишеними бар үчүн”.

Депутат Жанарбек Акаев курултайга делегат болуп келчүлөрдүн айрымдары жергиликтүү бийликтин ишине тоскоолдук жаратышы ыктымал деген кооптонуусун айтып, курултай мыйзамы парламентте тийиштүү тартип менен кабыл алынбаганын эскертти:

“Мына, эртең курултай болот. Аны биз комитеттен өткөргөн эмеспиз. Мына ушул жер курултай. Элге баарыңар чыктыңар, добуш алдыңар. Шайлоого катышпай туруп, өзүнүн кошунасы менен үй-бүлөсүнүн колдоосун ала албаган кээ бир адамдар эмне үчүн курултайга келип алып бүтүндөй кыргыз коомуна акыл үйрөтүшү керек?

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов жарлыкта “Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин” деп жазылып турганын белгиледи.

“Ошондуктан президенттин жарлыгы мыйзамдуу. Аны бүт кыргыз мамлекетиндеги бардык мамлекеттик органдар аткарышы керек”, - деди Абытов.

Президенттин быйыл 25-ноябрда элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын анда жазылгандай атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы сын-дооматка жол ачкан. Айрым оппозиция өкүлдөрү "бийлик азыр жоопкерчиликтен качып, аны кандайдыр бир башка органга жүктөп коюу аракетин көрүп жатат" деген пикирин айтууда.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Жапаров ошондо “…үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын” белгилеп, “…ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айткан.

Президент курултай эки күн болорун, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келгендер бийлик ошол аймакта кандай иштерди жасашы керек экени тууралуу түздөн-түз сунуштарын айта аларын, эркин микрофон болорун, каалаган делегат сүйлөй турганын айтып, “Курултай институтун киргизип алсак мындан ары жыл сайын элдин алдына чыгып, аткарылган иштер боюнча маалымат берип, алардын сунуштарын угуп турсак бийлик жаман болбойбуз. Бийлик башындагылардын баары жыл сайын элге отчет берип көнүп калышат” деп белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG