Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

АКШнын мурдагы президенти Обама "Эмми" сыйлыгын алды


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама "Эмми" сыйлыгынын "Мыкты айтып берүүчү" номинациясы боюнча лауреаты болду. Ал Netflix компаниясы тарткан "Биздин чоң улуттук гүл бактар" деген даректүү сериалда үн коштогон. Президенттик кызматтан кеткенден кийин Обама ушул сериалды тартуу менен алектенген Higher Ground Productions продюсердик компаниясын негиздеген. Тасма беш сериядан турат жана Калифорния, Кения, Индонезияга чейин дүйнөдөгү улуттук жаратылыш парктары тууралуу айтып берет.

Бул Обаманын алгачкы медиалык сыйлыгы эмес. Саясаттагы карьерасын аяктаган соң ал продюсерлик менен алектенүүгө өткөн. Обама жеке мемуарларын окуп, аудио китеп кылып чыгарганы үүн "Гремми" сыйлыгын алган. Анын жубайы Мишель Обама дагы өзүнүн китебин аудиолоштурганы үчүн 2020-жылы "Гремми" сыйлыгын алган.

Обама – "Эмми" сыйлыгын алган экинчи америкалык лидер. Биринчисин 1956-жылы ошол кездеги АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр алган. Ага 1955-жылдагы маанилүү маалымат жыйыны үчүн "Эмми" башкармалар кеңешинин атайын сыйлыгы берилген.

Обама Эйзенхауэрден айырмаланып мамлекеттик ишмер катары эмес, жеке жак катары көрсөтүлүп, "Эмми" сыйлыгын утуп алды. Аны менен кошо бул сыйлык үчүн дагы төрт киши ат салышты.

Америкалык телеакадемиянын «Эмми» сыйлыгы 1949-жылдан тартып берилет жана «Оскар» сыйлыгына теңата деп саналат.

XS
SM
MD
LG