Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жаңы имарат салынууда


Жаңы имарат курулуучу жер.
Жаңы имарат курулуучу жер.

Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушунун башталышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент Жапаров балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүн билдирген.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен салынып жатат. Бирок, курулушка алына турган насыянын суммасы айтылган жок. 2016-жылдары ооруканага жаңы имарат салуу үчүн Сауд өнүктүрүү фонду 1% үстөк менен 30 млн. доллар жеңилдетилген насыя берилери кабарланган.

Өлкөдө балдар үчүн тез жардам ооруканасы жалгыз Бишкек шаарында гана бар. Ал совет доорунда курулуп, эскилиги жеткен. Бул жай балдарга күнү-түнү медициналык жардам көрсөткөн жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG