Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Польша Германиядан 1,3 трлн. доллар кенемте талап кылууда


Варшава Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин. 1946-жыл.
Варшава Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин. 1946-жыл.

Польшанын бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жоготуулар үчүн Германиядан 1,3 триллион доллар компенсация талап кылаарын билдирди.

Польшанын президенти Анджей Дуданын мурдагы партиясы “Мыйзам жана адилеттик” саясий уюму 2015-жылы бийликке келгенден бери бул маселеде Германиянын моралдык жоопкерчилиги бар экенин билдирип, согуштагы чыгымдын ордун толтуруу маселесин көтөрүп келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында 6 миллионго жакын поляк, анын ичинде 3 миллион поляк жөөттөрү өлтүрүлгөн. 1944-жылы Варшава көтөрүлүшүндө 200 миңдей жайкын тургундун өмүрүн алган каргаша болгон.

Польша кенемте төлөтүү маселесин бир нече жолу көтөргөн. Бирок расмий Берлин Польшанын 1953-жылы Чыгыш Германияга каршы репарация талабынан баш тартуу чечимине таянып аны четке кагып келет. Германиянын өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги Варшаванын акыркы билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган. Согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.

XS
SM
MD
LG