Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

УКМК санариптештирүүдө акча кымырылганын билдирди


tunduk.gov.kg сайтынын скриншоту.
tunduk.gov.kg сайтынын скриншоту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси А.А.Т мамлекеттик органдарды санариптештирүүдөгү кымырылган каражаттарга шектелип кармалганын маалымдады.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” долбоорун ишке ашырууда “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигине санариптештирүү системасын түзүү үчүн 101 млн. 900 миң сом бөлүнгөн.

“Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун жана министрликтердин жооптуу кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында республиканын бюджетине 38 миллион 740 миң сом зыян келтирилген. Санариптештирүү бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырыла элек”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда кармалган шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалып, иликтөө иштери уланууда. Атайын кызмат февраль айында дагы санариптештирүү иштериндеги коррупция боюнча “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору А.А. кармалганын маалымдаган. УКМК ал кылмыш иши эмне болгонун тактаган жок.

2019-жылы Кыргызстанды санариптештирүү максатында санариптик трансформация боюнча “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасы ишке киргизилген. 2021-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис" жана "Транском" ишканалары жоюлуп, алардын милдети “Инфоком” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG