Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

2-сентябрда күн ачык болот


Кыргызстан.
Кыргызстан.

2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 32…34° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG