Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

27-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

27-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 29…31 градуска жетет.

Чолпон-Атада маал-маалы менен өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 18…20° болот.

XS
SM
MD
LG