Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусия кассеталык бомбалар менен Украинага жүздөгөн сокку урду


Украинанын прокуратурасы Орусияны кассеталык снаряддарды колдонууга айыптоодо. Украина, март 2022
Украинанын прокуратурасы Орусияны кассеталык снаряддарды колдонууга айыптоодо. Украина, март 2022

Орус армиясы ушул жылы Украинанын аймагына кассеталык бомбалар менен жүздөгөн сокку урду. Андан 200дөн ашуун жайкын тургундар каза болуп, 500ү жараат алган.

Бул тууралуу куралдын ушул түрүнө каршы демилгелерди көтөргөн Cluster Munition Coalition 25-августтагы жылдык баяндамасында белгиленген.

1-июлга карата Орусия Украинанын 24 аймагынын 10уна кассеталык бомбаларды пайдаланган. Өз кезегинде украин армиясы снаряддын бул түрүн кеминде үч жолу Донецк, Харьков жана Херсон облустарында колдонгонун докладдын авторлору жазышкан.

Байкоочулардын белгилешинче, кассеталык бомбадан жабыркагандардын саны өткөн жылы кыйла кыскарган. 2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери ушул багытта абал кайра начарлап кеткен.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу боюнча конвенция 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес. Москва менен Киев бири-бирин бул куралдарды колдонгону үчүн айыптоодо.

XS
SM
MD
LG