Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Элчи Орусияда жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды


Элчи Гүлнара-Клара Самат Ульяносвскидеги кырсыктан жабыр тарткандардан кабар алды.
Элчи Гүлнара-Клара Самат Ульяносвскидеги кырсыктан жабыр тарткандардан кабар алды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жооптуу дарыгерлер бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешкен.

Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды. Жабыркагандардын жакындарына убактылуу турак жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилгенин айтты.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG