Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

ЕАЭБ: товар жүгүртүүдө улуттук валютанын көлөмүн көбөйтүү сунушталды


Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн желектери.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн желектери.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсүндөгү эсептешүүлөрдө мамлекеттердин улуттук валютасынын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө талкуулоону сунуштады.

Ал бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолукканда билдирди.

“Бул тема бизде дайыма иштелип жатат. Өкмөткө менин тийиштүү сунушум жөнөтүлгөн. Бул сунуш Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында каралуучу маселе болот”, - деди ал.

Буга чейин орусиялык РБК басылмасы Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинде уюмдун ичинде соода жүгүртүүдө өлкөлөрдүн улуттук валютасынын үлүшүн көбөйтүүнү сунуштарын жазган. Анда токтом долбоорун Орусия даярдаган жана сунуштардын бир катары SWIFT системасы жок эсептешүү мүмкүнчүлүгү каралган.

25-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар башталды. Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келишти.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Биримдикке мүчө болгону менен Кыргызстан үчүн коңшу Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көйгөй жаралып жатканы өкмөттө да, парламентте да бир нече жолу айтылган. Айрым серепчилер ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн саясий бирикме экенин белгилеп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG