Президенттин Бишкектеги жана Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияларынын аймагындагы дачаларды жана жер тилкелерин кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүү сунушталууда. Аларды улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев иштеп чыгып, 23-августта парламенттин сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырды.
Депутат президент мамлекеттин башчысы жана Конституциянын гаранты, ал эми анын резиденциясы өлкө жетекчилери убактылуу жашай турган режимдик объект экенин, бюджеттен каржыланарын, алардын аймагындагы үйлөр өзгөчө кайтарууда турарын белгиледи.
Токторбаевдин айтымында, убагында «Ала-Арчадагы» төрт дача мамлекеттик ишмерлер Турдакун Усубалиевге, Абсамат Масалиевге, Анарбек Бакаевге жана жазуучу Чыңгыз Айтматовго өмүрүнүн аягына чейин пайдаланууга берилген, кийин алардын айрымдары балдарына өткөн, кээ бирлери сатылып кеткен. Масалиевдин үй-бүлөсү анын көзү өткөндөн кийин дачаны мамлекетке кайтарып берген. Ал эми Чолпон-Атадагы резиденциянын аймагындагы эки дачанын бири, депутаттын айтымында, Турдакун Усубалиевдин, бири Абсамат Масалиевдин байбичесинин наамына катталуу турат. (RK)